super.kg logo

Араван районунун тургуну кызмат адамына пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды

 

Ош облусунун Араван районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерине 150 миң сом пара берип жатып, аталган райондун тургуну К.И. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Тепе-Коргон айылынын К.И. аттуу тургуну аянты 2000 чарчы метр соода борборунун имаратын суу коргоо зонасынын аймагына мыйзамсыз тургузуп алган. Араван райондук архитектура башкармалыгы жана Ош облусу боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан имаратты пайдаланууга уруксат кагаздары мыйзамсыз берилген.

Шектүү уруксат кагаздарын алуу максатында жогорку даражадагы мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, соода борборунун ачылышына президент катышарын да айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда жогоруда аталган мамлекеттик органдар тарабынан берилген уруксат кагаздарынын негиздүүлүгү боюнча экспертизанын корутундусун алууга жана алардын жоопкерчилигин андан ары кароого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: