Жүк ташуучу унаа өтүп бара жаткан... Эки-Нарын айылына каттаган көпүрө кулады (видео)
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Нарын районундагы Эки-Нарын айылынын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришти.
Айткандарына караганда, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаган. Айдоочу изделүүдө.
Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышты.
"Буга бийлик эч кандай көңүл бурбай келген. Көпүрөдөн өтүп жатканда амандыгызбы тилеп калганбыз. Эми минтип бир айылдын эли Нарын шаарына, коңшу айылдарга чыга албай отурат",- дейт алардын бири.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
13.08.25.
13.08.25.


