super.kg logo

Зеленский Украина Орусияга аймактарды өткөрүүгө даяр деген маалыматты четке какты

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Telegraph гезитиндеги "Украина Орусияга аймактарды өткөрүп берүүгө даяр" деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Телеграф" мени аймак алмаштырууга даяр деп жазыптыр. Мен "Телеграф“ менен сүйлөшкөн эмесмин. Бирок мен жетишерлик тажрыйбалуу адаммын, маалымат талаасы кандайча даярдаларын түшүнөм. Адегенде "Украина алмашууга даярбы?" деген ой талкууланат. Анан айрым адамдардын, жарандык коомдун, блогерлердин, журналисттердин, калктын реакциясы байкалат. Болгону тиешелүү маалыматтык негиз даярдалууда",- деди Зеленский.

"Аймак алмашуу - бул өтө татаал маселе, аны Украинанын коопсуздук кепилдигинен, биздин эгемендүү мамлекетибизден жана элибизден бөлүп кароого болбойт",- деп кошумчалады Зеленский.

Эске салсак, буга чейин The Daily Telegraph басылмасы Украина президенти Европа союздаштарына согуш аракеттерин токтотуу жана азыр Орусиянын көзөмөлүндө турган аймактарды өткөрүп берүү тууралуу айтканын жазган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: