super.kg logo

Мадонна Рим папасын Газадагы палестиналык балдарга жардам берүүгө чакырды

 

Америкалык ырчы Мадонна Рим папасы Лев XIV'нү Газага барып, палестиналык балдарга жардам берүүгө чакырды. Ал өзүнүн кайрылуусун Instagram баракчасына жарыялап, Рим папасы анклавга кирүүгө тыюу салынбай турган жалгыз адам экенин белгиледи.

"Рим папасы Газага барып, кеч болуп кала электе балдарга өзүңүздүн жарыгыңызды жеткириңиз. Эне катары мен алардын азап чегишин көрө албайм. Бул дүйнөдөгү балдардын тагдыры - ар бирибиздин ишибиз. Сиз - арабызда анклавга кирүүсүнө тыюу салынбай турган жалгыз адамсыз",- деди ырчы.

Буга чейин Улуу Британия, Австралия, Канада жана Япония биргелешкен билдирүү жасап, Газа секторунда ачарчылык уланып жатканын белгилеп, гуманитардык жардамды жеткирүүнү жеңилдетүү боюнча шашылыш чараларды көрүүгө чакырышкан.

Газадагы согуш башталгандан бери Мадонна өз концерттеринде сахнадан палестиналыктарды колдогон кайрылууларды айтып келет.

"Мен эч кимди манжа менен көрсөтпөйм, айыптабайм жана бирөөнүн тарабында эмесмин. Баары азап тартып жатат. Анын ичинде туткундардын энелери да бар. Алар да бошотулушу үчүн тилек кылам",- деп жазган Мадонна.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: