super.kg logo

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Чолпон-Атага келбейт

 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 15-августта Чолпон-Атада өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына келбей турганы белгилүү болду. Бул тууралуу Новости-Армения агенттиги кабарлады.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасаряндын айтымында, Никол Пашинян 12-августтан 15-августка чейин эс алууда.

Маалымдалгандай, жыйында өкмөт башчылар ЕАЭБдин жалпы товар базарындагы биржа соодасын өнүктүрүү программасын бекитишмек. Ошондой эле өткөн жылдагы чектеш мамлекеттер аралык рыноктордогу атаандаштык боюнча ЕЭКтин жылдык отчётун карап чыгуу, жалпы атаандаштык эрежелерин бузууга каршы чараларды талкуулоо жана ЕАЭБде газ, мунай жана мунай продуктуларынын жалпы базарын түзүү боюнча маалыматтарды угуу пландалган.

Уюмдагы өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 2024–2026-жылдарга Евразиялык координацияланган транспорт саясатын ишке ашыруунун планында өзгөртүүлөрдү киргизип, жүк ташуу темир жолдорунун цифрлаштыруу планынын аткарылышын жана ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү планынын "Транспорттук коридорлорду цифрлаштыруу" бөлүгүндөгү иштерди талкуулашат.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: