10 жаштагы бала бассейнде кишинин үстүнө секирген. Жабырлануучу каза тапты
Швейцариянын Ла-Шо-де-Фондс шаарындагы бассейнде 10 жаштагы бала 5 метрлик сууга секирүү тактайынан адамдын үстүнө секирген. Жабырлануучу каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Суудагы адам оор жаракат алып, дароо куткаруучулар тарабынан жардам көрсөтүлгөн, бирок ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон", — деп айтылат макалада.
Баланын өздүгү азырынча тактала элек.
Бассейн убактылуу жабылды, тергөөдөн кийин ачуу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.