super.kg logo

Эмомали Рахмондун кичүү кызы Реформаларды жүргүзүү башкармалыгына жетекчи болду

 

Фарзона Эмомали Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин Реформаларды жүргүзүү, биринчи медициналык-санитардык жардам жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Жаш адистин көндүмдөрүн жана кесипкөйлүгүн эске алып, ушул жылдын ичинде Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министринин буйругу менен Фарзона Эмомали министрликтин борбордук аппаратынын Реформаларды жүргүзүү, биринчи медициналык-санитардык жардам жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Фарзона Эмомали – президент Эмомали Рахмондун кичүү кызы, 1998-жылдын 4-июлунда Душанбе шаарында туулган.

Орто мектепти бүткөндөн кийин, 2014-жылы Душанбе шаарындагы Ломоносов атындагы МГУнун лицейинин филиалына тапшырган жана аны артыкчылык менен аяктаган.

Ошол эле жылы Тажикстандын Абуали ибн Сино атындагы Мамлекеттик медициналык университетинин дарылоо факультетине тапшырган. 2022-жылы "педиатрия" адистиги боюнча клиникалык ординатураны аяктаган, ал эми 2023-жылы Тажикстандын президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын "мамлекеттик башкаруу" адистиги боюнча аяктаган.

2021-жылдан бери Фарзона Эмомали министрликтин реформаларды жүргүзүү, биринчи медициналык-санитардык жардам жана эл аралык байланыштар башкармалыгында адис болуп эмгектенип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: