super.kg logo

Маданият министри Монголияга бара турган экспедициялык топту кабыл алды  

 
Бүгүн, 13-августта маданият министри Мирбек Мамбеталиев Монголиянын Баян-Улгий жана Увс аймактарында кыргыздарга карата илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максатында кетип жаткан жумушчу топ менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Илимий топ президенттин 2024-жылдын 18-декабрындагы “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” жарлыгынын алкагында кетип жатат. Анда кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдөө иштерин жүргүзүү Монголияда ушул жылдын 14-28-август күндөрү өтөт.
Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бул изилдөөнүн жыйынтыгы менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгат жана документалдуу фильм тартылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: