Оор жүк ташуучу унаанын кесепетинен Эки-Нарын көпүрөсүндө кыймыл убактылуу токтотулду
Бүгүн, 13-августта Нарын районундагы Нарын–Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.Алдын ала маалыматтарга ылайык, оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө карабастан эрежени бузуп өткөн оор жүк ташуучу унаанын кесепетинен көпүрө кулаган. Кырдаалды жөнгө салуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, аталган көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. 5-августта тендер жарыяланып, 11-август күнү тендер өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө тендер боюнча иштер жүрүп жатат.
Жол иштери боюнча кошумча маалыматтар берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















