super.kg logo

Италиянын Лампедуза аралынын жээгинде мигранттардын кемеси чөгүп кетти

 

Италиянын Лампедуза аралына жакын жерде мигранттар түшкөн кеме кырсыкка учурады. Бул тууралуу Radio Radicale билдирди.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен болжол менен 20 адам каза таап, дагы 27 киши дайынсыз болууда. Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.

Басылманын маалыматында, 2023-жылдын август айында Лампедузага келген мигранттардын саны өскөн. Ал учурда бир эле сутка ичинде эки миңдей чет элдик италиялык аралга жеткен. Тактап айтканда, 1826 качкын 63 кайык жана башка суу транспорту менен аралга келген. Лампедузадагы мигранттарды кабыл алуу жана жайгаштыруу борборунда мигранттардын саны 3983кө жеткен, бирок ал имарат болгону 400 адамга эсептелген. Аралдын бийлиги качкындарды Италиянын башка аймактарына жөнөтүүгө аракет кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: