Трамп: "Эгер биринчи жолугушуу ийгиликтүү өтсө, биз Путин жана Зеленский менен жолугушабыз"
АКШ президенти Дональд Трамп жума күнкү жолугушуу ийгиликтүү өтсө, анда Путин жана Зеленский менен да жолугушуу болорун билдирди.
"Эгер биринчи жолугушуу ийгиликтүү өтсө, анда биз тез эле экинчи жолугушууну өткөрөбүз. Мен аны дээрлик дароо эле өткөргүм келет. Эгер алар мени ал жерге чакыргысы келсе, анда президент Путин, президент Зеленский жана мен катышкан тез арадагы экинчи жолугушуу болот", — деди Дональд Трамп маалымат жыйынында.
Бирок Аляскада Путин менен болгон жолугушууда Трамп өзүнө керектүү жоопторду албаса, анда экинчи жолугушуу болбойт.
Мурда CBS телеканалы булактарына таянып, АКШ үч тараптуу жолугушууну өткөрүү үчүн аянтча издеп жатканын жана ал келерки аптанын аягында өтүшү мүмкүн экенин кабарлаган.
Трамп ошондой эле Европа лидерлери жана Зеленский катышкан онлайн-конференция боюнча да билдирүү жасап, сүйлөшүү жакшы өткөнүн жана аны 10 баллга баалаганын айтты.
Эске салсак, 15-августта Владимир Путин менен Дональд Трамп Аляскада жолугушат. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.
