super.kg logo

АКШ Украинага кепилдик берүүнүн шарттарын айтты

 

АКШ Украинаны коопсуздук кепилдиги менен камсыздоого даяр экенин, бирок мунун НАТОго тиешеси болбошу керектигин Politico басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп мындай милдеттенмени НАТОго байланыштуу болбогон шартта гана өзүнө аларын айткан.

Буга чейин CNN телеканалы да европалык дипломаттарга таянып, Трамп Киевге АКШ тараптан да коопсуздук кепилдигин берүү идеясын колдогонун билдирген. Ушундай эле билдирүүнү Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Барро да жасаган.

Шаршемби күнү Германия канцлери Фридрих Мерц Украина маселесине арналган онлайн-жыйынды уюштурган. Анын максаты - Владимир Путин менен Дональд Трамптын Аляскадагы жолугушуусунун алдында Батыштын бирдиктүү позициясын макулдашуу болгон. Иш-чарага катышуу үчүн Киев бийлигинин башчысы Берлинге барган. Алгач Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, НАТО баш катчысы Марк Рютте жана Зеленский катышкан видеоконференция өткөн. Андан кийин Трамп, европалык лидерлер жана Киев жетекчиси катышкан онлайн-жолугушуу уюштурулган.

Орусиянын ТИМинин маалымат жана басма сөз департаментинин жетекчисинин орун басары Алексей Фадеев бул жолугушууну саясий жана практикалык жактан "эч мааниси жок аракет" деп атады. Анын айтымында, европалыктар кагаз жүзүндө Вашингтон менен Москванын дипломатиялык аракеттерин колдогондой көрүнгөнү менен, иш жүзүндө Евробиримдик аларды тоскоолдукка учуратууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: