Баткенде бир учурда 25 жуптун үйлөнүү тою болууда






Баткенде бир учурда 25 жуптун үйлөнүү үлпөт иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу бүгун, 14-августта облустагы өкүлчүлүк билдирди.
Аталган иш-чара президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, жергиликтүү бийлик органдары жана “Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулууда.
Алгач борбордук мечитте жаш жубайларга нике кыюу аземи өттү. Алдыда үйлөнүү үлпөт той жана маданий иш-чаралар уланат.
Баткен облусунун аймагынан тандалып алынган 25 жаш жубайлардын тоюна жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жана алардын жакындары катышып, куттуктоолор менен белектер жана сертификаттар тапшырылат.
“Мамлекеттин өзөгү - үй-бүлө” аталышындагы иш-чаранын максаты - үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү,кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:34
2025-08-14
10:40
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.