super.kg logo

Аял эки айлык ымыркайын өлтүрүп койгон

 

Орусиянын Улан-Уде шаарында аял эки айлык баласына күчтүү таасир этүүчү укол сайып, өлтүрүп койгон. Ымыркай бир нече уколдон улам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Түнү ымыркайдын ыйлаганына жинденип, аял аны бетке чаап, андан соң башына уулуу доза менен укол сайган. Алган жаракаттарынан ымыркай жеринде каза болгон.

Кылмыш жасагандан кийин аял качып кетүүгө аракет кылган, бирок укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Ал камакта.

Сурак учурунда аял өз аракетин төрөттөн кийинки оор абалы жана аффект менен түшүндүргөн. Бирок соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусу көрсөткөндөй, ал кылмыш жасаган учурда өзүнүн аракетин билип, көзөмөлдөп турган.

Кылмышка шектүүгө карата өзгөчө мыкаачылык жана өз аракетин билип туруп, ымыркайды өлтүрүү үчүн жоопкерчиликти караган берене боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: