Бишкектеги Манас жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат



Бүгүн, 14-августтан 15-августка караган түнү саат 00:00дөн 06:00гө чейин Бишкек шаарынын Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги жол кыймылы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектин негизги кесилиштериндеги унаа тыгынын алдын алуу үчүн жасалган чакмак жол чийиндерин жаңылоо жана түшүрүү иштерин улантууда. Мурда мындай белги төмөнкү кесилиштерге чийилген:
- Манас кең көчөсү жана Москва көчөсү;
- Манас кең көчөсү жана Токтогул көчөсү;
- Манас кең көчөсү жана Киев көчөсү.
Бишкек мэриясы каттамды алдын ала пландаштырып, айланып өтүүнүн альтернативдүү жолдорун колдонууну өтүнөт. Шаардыктар үчүн ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жумуштар түнкү убакта аткарылууда жана МАИ кызматкерлеринин коштоосунда жүргүзүлүп жатат.
Жакынкы арада борбордун дагы 11 кесилишине чакмак чийиндерин түшүрүү пландаштырылууда.
Маалымат үчүн: Бул чийиндер (1.26 түрү) - ромб сымал клеткаларды түзгөн диагоналдык сызыктардан турган сары торчолор. Тыгындарды азайтуу үчүн жол кыймылы көп болгон светофорлор менен жөнгө салынуучу кесилиштерге колдонулат. Тыгын болгондо мындай белгилерге кирүү жол эрежесин бузуу болуп саналат жана кайчылаш багытта кыймылга тоскоолдук кылат.

