super.kg logo

Борбор калаадагы кичи райондордогу ички жолдор оңдолууда

 

Борбор калаадагы кичи райондордогу ички жолдор оңдолууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы короо ичиндеги жолдордун абалын жакшыртуу боюнча иштерди улантууда.

5-кичи райононунда Сүйөркулов көчөсүнөн тартып №109 балдар билим берүү мекемесине чейинки тилкеде жаңы тротуары менен короо ичиндеги жол асфальтталды. Курулуш иштеринин алкагында эски асфальтты демонтаждоо, жаңы бордюрларды жана ирригация тармагын орнотуу, жаңы асфальт төшөө иштери аткарылды.

Ички жолдорду капиталдык оңдоо иштери шаардын башка кичи райондорунда да улантылууда. 4-кичи райондо капиталдык оңдоо иштери, ирригация тармагын орнотуу, жерди даярдоо иштери аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын башынан бери "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 10, 6 жана 3-кичи райондордун жолдордун капиталдык оңдоодон өткөрдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: