Германия Украинага 500 миллион доллар жардам берет
Германия, башка союздаштары менен биргеликте НАТОнун "Украинанын артыкчылыктуу муктаждыктар тизмеси" (PURL) алкагында 500 миллион долларлык аскердик жардам пакетин каржылоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Германиянын Коргоо министрлиги PURL программасына байланыштуу тараткан жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө айтылды.
Маалыматка ылайык, Германия союздаштары менен чогуу жалпы наркы 500 миллион долларга жеткен алгачкы ири аскердик жардам пакетинин бирин каржылоого даяр.
АКШга - Украинаны курал-жарак жана ок-дарылар менен камсыздоону улантып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирилип, Германиянын бул демилгеге кошулуу чечими өлкөнүн Украинага болгон колдоосун кыйла күчөткөнү баса белгиленди.
Ошондой эле өкмөт бул иштин майда-чүйдөсүн НАТО жана союздаштар менен тыгыз кеңешип жатканын маалымдады.
