АКШда "мүйүздүү коён" вирусу пайда болду
АКШнын Колорадо штатында айрым жапайы коёндордун башында мүйүзгө окшош нерсе өсүп алганы байкалган. Бул көрүнүш ак куйрук коёндору папилломавирусу деп аталган вирустун териге өсүп чыккандагы натыйжасы. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Колорадо парктар жана жапайы жаратылыш департаментинин (CPW) маалыматына ылайык, инфекция адатта коёндун баш жагында кара түстөгү түйүндөр түрүндө пайда болуп, убакыт өткөн сайын узарып, мүйүз сымал көрүнүшкө айланат. Вирус көп учурда коёндун өмүрүнө коркунуч жаратпайт, бирок тамак же суу ичишине тоскоолдук кылгандай чоңойсо, кооптуу болушу мүмкүн.
"Оозунун айланасында кара таякчалар чыккандай эле. Кыштан аман чыгып, кийинки жылы кайра өсүндүлөрү дагы чоңоюптур",- деди күбөлөрдүн бири.
Бул вирус адамдарга эмес, болгону коёндорго жугат. Бирок ачык абада жүргөн үй коёндору да жугузуп алышы мүмкүн. Үй коёндорунда оорунун өтүшү оорураак болуп, ветеринардык жардам талап кылынат.
CPW билдиргендей, вирусту айыктыруу мүмкүн эмес, бирок көпчүлүк жапайы коёндор убакыт өткөн сайын өз алдынча сакайып кетишет. Ошондуктан тамактануусу кыйын болгон жаныбарларды гана уктатуу сунушталат. Ошондой эле жугузган коёндорго кол тийгизбөө эскертилди.
