Белгилүү журналист Сонунбү Кадырова каза болду

Кадырова Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач педагогикалык билим алып, 1981-1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. Андан соң журналистика тармагына кадам таштап, 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1985-1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, коомчулукка таанылган чыгармачыл теледолбоорлорду ишке ашырды. 1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн ири телеберүүлөрдү көрүүчүлөргө тартуулады.
Эмгеги мамлекет жана мекемелер тарабынан жогору бааланды:
Билим, илим жана маданият департаментинин Ардак грамотасы;
УТРКнын 50 жылдык мааракесине карата Ардак грамота;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ардак грамотасы;
“УТРКнын мыктысы” төш белгиси;
“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
Сонунбү Кадырова “Алтын тизме”, “Замандаш”, “Айыл ажары” сыяктуу телеберүүлөрдү элдин сүймөнчүлүгүнө айландырды. 2019-жылдан тартып “Абаз” теледолбоору аркылуу чыныгы таланттарды элге таанытып, жаштардын чыгармачылык жолуна багыт берди.
2023-жылдан тартып өлкөнүн 18 районун кыдырып, “Ыр кесе” берүүсүн кайрадан жандандырып, элибиздин руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү ишке ашышына салым кошту.
Сонунбү Кадырова - Кыргызстандын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Сонун дүйнө”, “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз” аттуу китептердин автору. Коомдук иштерге да активдүү катышып, 2005-2015-жылдары “Алтын тизме” коомдук фондунун төрайымы, 2018-жылдан бери “Энелер жолу” коомдук бирикмесинин президенти болуп иш алып барган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.