Аляскада бийиктиги 30 метрге жеткен цунами катталды
Алясканын түштүк-чыгышында бийиктиги 30 метрге жеткен цунами катталды. Бул тууралуу Alaska News Source басылмасы Аляска Сейсмология борборунун маалыматтарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, цунами Саут-Сойер музундагы көчкү натыйжасында пайда болгон. Жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок.
"Көчкү абдан чоң болгон, 100 миллион метр кубдан ашык болушу мүмкүн",- деди сейсмология борборунун изилдөөчүлөрүнүн бири Эзги Карасезен.
Эске салсак, эртең,15-августта Алясканын аймагында АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтөт. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.
