super.kg logo

Ажикеев Жалал-Абадда ӨКМдин куруучулары салып жаткан имараттар менен таанышты (видео)

 
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунда ӨКМдин курулуш тармагы тарабынан курулуп жаткан мамлекеттик имараттардагы жумуштардын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Министр эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилүүчү жаңы административдик имараттардагы курулуш иштерин жеринен көрүп, сапаттуу жана ыкчам бүткөрүү мезгил талабы экенин белгиледи.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 5 миң орундуу спорт сарайы, облустук оорукана жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамына жаңыдан салынып жаткан имараттардагы жумуштун ыргагы менен таанышып, сапатына өзгөчө көңүл буруу талабын койду.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш тармагы акыркы 4 жылда бир топ ири курулуштарды өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүп келет.





өкм

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: