Оштогу "Жылуулук камсыздоо" ишканасы жаңы имараттуу болду

Жаңы имараттын ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана мекеме кызматкерлери катышты.
Маалым болгондой, имарат буга чейин Ош шаардык суу чарба башкармалыгына тиешелүү болгон. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде бул имарат "Жылуулук камсыздоо" ишканасына берилип, толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бардык зарыл шарттар түзүлдү.
Калаа башчы кызматкерлерге күжүрмөн эмгек каалап, алдыдагы жылытуу мезгилине мыкты даярдык көрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле ишканага президент Садыр Жапаровдун атынан атайын техникалар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.