super.kg logo

Ички иштер министрлигинин айрым кызматтарына убактылуу чектөө киргизилди

 
15-августта кечки саат 20:00дөн баштап 18-августтун түнкү саат 00:01гө чейин маалыматтарды жаңы серверлерге көчүрүү боюнча техникалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу, “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” жана “Укук бузуулардын автоматтык түрдө фиксациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутумдары убактылуу жеткиликтүү болбойт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Көрсөтүлгөн мезгилде бардык расмий онлайн-сервистерде:
  • транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамендерди кабыл алуу жеткиликтүү болбой калат;
  • укук бузуулар үчүн айып пулдарды төлөө мүмкүн болбой калат.
Иш аяктагандан кийин укук бузууларды каттоо https://erpn.mvd.kg шилтемеси аркылуу жүргүзүлөт, колдонуучулардын логиндери жана сыр сөздөрү өзгөрүүсүз сакталат.
Ички иштер министрлиги убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жарандарды мамлекеттик кызматтарды алууда бул маалыматты эске алууну өтүнөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: