super.kg logo

Кулаган көпүрө: Эки-Нарынга жетүү үчүн айланма маршруттук жол даярдалууда

 

Нарын районундагы Эки-Нарын айылына жетүү үчүн айланма маршруттук жол даярдалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолду даярдоо иштерин “Кыргызавтожол-Түндүктүн" №8 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Эми Эки-Нарын жана Орук-Там айылдарынын эли үчүн каттам Кара-Кужур - Сары-Булак - Арчалы - Орук-Там жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Министрлик аталган айылдарга жеткирчү жыгач көпүрө кулаганга чейин ал көпүрө тууралуу авариялык абалда деген техникалык корутунду алынганын белгиледи. Мындан улам №8 жол тейлөө ишканасы долбоорлорду изилдөө институту менен биргеликте жаңы көпүрөнүн долбоорун иштеп чыккан.

"Бирок аймакта келечекте ГЭСтин курулушу пландалгандыктан ал жерге убактылуу гана металл конструкциядагы көчмө көпүрө коюу каралган. Ал эми андай узундуктагы көпүрөнү даярдоо биздин өлкөдө жок болгондуктан, аны даярдоо жана орнотуу белгилүү убакытты талап кылууда.

Учурда долбоордук-сметалык документтер даярдалып, макулдашууга кол коюлуп, курулуш иштери башталганы турат. Эскерте кетсек, акыркы эки жыл ичинде бул көпүрө аркылуу 10 тоннадан ашык жүк ташыган унааларга өтүүгө тыюу салынган",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган.

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.

Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен.

Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.






15.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: