Трамп Путин менен жолугушуусу кандай болорун алгачкы мүнөттө эле биле аларын айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушканда сүйлөшүү кандай нукта болорун алгачкы мүнөттө эле билер аларын айтты.
"Мен жолугушуу жакшы же жаман болорун алгачкы эки, үч, төрт же беш мүнөттө түшүнөм",- деди ал Ак үйдө журналисттерге.
Ошондой эле ал жолугушуудан майнап чыкпаса, сүйлөшүү абдан тез аяктаарын, ал эми ийгиликтүү болсо, анда жакынкы келечекте тынчтыкка жетишерин белгиледи.
Трамптын эгер ал АКШнын президенти болбогондо, орус тарап сүйлөшүүлөрдүн ордуна Украинаны толугу менен алуу максатын көздөмөктүгүн кошумчалай кетти.
Эске салсак, 15-августта Алясканын аймагында АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтөт. Бул 1988-жылдан берки АКШ менен Орусия президенттеринин Америкада өтө турган алгачкы жолугушуусу болот. Жолугушууда аймактарды алмашуу жана Киевдин НАТОго кирүүдөн баш тартуусу тууралуу талкуу болушу мүмкүн.
