Дарыгерлер баланын мурдунан попкорн чыгарабыз деп анын өлүмүнө себепчи болуп калышты

Бразилиянын Гойас штатындагы Гоиатуба ооруканасынын эки дарыгери эки жашар наристенин мурдунан попкорн алып жатып, өпкөсүнө жана ашказанына зыян тийгизип алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Баланын ата-энеси уулунун мурдунан жүгөрүнү өз алдынча чыгара албай ооруканага кайрылышкан. Дарыгерлер да попкорнду ала алышкан эмес.
"Алар анын мурдуна резина шланг салып, аны чыгарууга аракет кылып, эки жолу абаны үйлөп салышкан. Атасы операциядан кийин дароо баласынын ашказанынын шишип кеткенин байкап, соттук-медициналык экспертизанын корутундуларынан кийин анын өпкөсү менен ашказаны жарылып кеткенин көрсөткөн",- деп айтылат макалада.
Процедурадан кийин балага газга каршы дары берилип, үйүнө жөнөтүлгөн. Бирок анын абалы начарлап, ата-энеси "Тез жардам" чакырып, бала ооруканага жетпей каза болгон.
"Баланын мурдундагы жүгөрү данын алып салууга аракет кылып жатып, дарыгер баланын жогорку дем алуу жолдоруна колдонууга сунушталбаган стандарттуу эмес ыкманы колдонгон",- деди полиция башчысы Серхио Энрике.
Ата-энелер адвокат жалдап, акыйкаттыкты талап кылып жатышат.
