super.kg logo

Бишкекте мурдагы аткаминерлер кармалышты

 

Бишкектин Октябрь районунун мурдагы акими жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, алар район аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Тагыраагы, шектүүлөр тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 1 гектардан ашык аянттагы 21 мамлекеттик жер тилкесин ээлеп алышкан. Натыйжада мамлекетке 300 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Алар жасаган күнөөлөрүн моюнуна алышып, өз ыктыяры менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып беришкен. Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишип, тергөө иштери уланууда.






УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: