super.kg logo

Чек аралардагы айыл чарба товарларын тоскоолдуксуз өткөрүү иши көзөмөлгө алынды

 

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге Кыргызстандан тез бузулуучу айыл чарба товарларын ташыган автотранспорт каражаттарын тоскоолдуксуз өткөрүү иши көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин директору Турсунбек Кубанычбеков кечээ, 14-августта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Ак-Тилек" жана "Ак-Жол" өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан "Жыйынды постторго" барып, тапшырманын аткарылышын текшерди.

Көзөмөлдүн жыйынтыгында, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында тез бузулуучу айыл чарба товарларын ташыган автотранспорт каражаттарынын кезеги жок экендиги аныкталды. Бардык продукция фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, тиешелүү документтер алынгандан кийин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы тарабынан кезексиз өткөрүлүүдө.






150825

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: