super.kg logo

ИИМ талкуу жараткан квадроциклчендер кармалганын кабарлады 

 

Ички иштер министрлиги интернетке тараган видеодон улам тоодо квадроцикл айдагандар кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар экосистемге келтирилген зыян үчүн кармалышкан. Бейбаштык кылгандардын бири видеотасма мындан бир жыл мурун тартылгандыгын жана ал жерден өтүү үчүн ылайыктуу жолдун болбогондугун түшүндүрүп, келтирилген зыян үчүн кечирим сураган.

Учурда факт боюнча материалдар чогултулуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бирок ИИМ окуя кайсы аймакта болгонун ачыктаган жок.

Буга чейин социалдыктармактарда жаратылышка зыян келтирип, тоолуу аймактарда өскөн өсүмдүктөрдү квадроциклдер менен тебелеп жүрүп бара жаткандардын видеосу тараган. Бул өз кезегинде интернет колдонуучулары тарабынан сын пикирлерди жараткан.






15.08.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: