Путин менен Трамптын жолугушуусу алдында Украина жана Батыш бирдиктүү билдирүү жасашты
АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путин Аляскада жолугушуу өткөрөр алдында Батыш өлкөлөрү жана Украина бирдик көрсөтүп, чечимдер Украина катышпаган абалда кабыл алынбашы керек экенин билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Трамп менен Путин бүгүн Аляскада Украинадагы тынчтыкты жана Орусия–АКШ мамилелерин талкуулашат.
Британия, Франция, Италия, Германия, Польша, Европа Биримдиги жана Финляндия жолугушуудан мурда биргелешкен билдирүү жасап, тынчтык жолунда чечим Украина катышпаган абалда кабыл алынбашы керектигин айтып, Украина жана Европа үчүн "коопсуздук кызыкчылыктары" сакталышы керектигин белгилешкен.
НАТО баш катчысы Марк Рютте согушту токтотуу керектигин билдирип, тынчтык үчүн "топ Орусиянын талаасында" экенин айтты. Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Европа, АКШ жана НАТО Украина үчүн адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты кааларын билдирди.
Франция президенти Эммануэль Макрон Украина менен байланышкан бардык маселелерди ошол өлкө менен сүйлөшүү керектигин белгилеген. Германия канцлери Фридрих Мерц Аляскада Европа жана Украинанын "негизги коопсуздук кызыкчылыктарын" коргоону каалайт.
Украина тарап жолугушуудан тез арада ок атышпоого жетишүүнү күтүп жатат. Киев согушту токтотуу үчүн лидерлер деңгээлиндеги жолугушуунун зарылдыгын да белгилеп, "маселелер Украина катышпаган абалда чечилбеши керек" деген билдирүү берүүдө.
Мындан тышкары, Украина мүмкүн болгон Путин–Зеленский жолугушуусунда АКШ лидери Трампты да көргүсү келет.
