Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев акыркы сапарга узатылды










Бүгүн, 15-августта Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор Өскөн Даникеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Маркум менен коштошууга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, коомдук жана саясий ишмерлер, жакындары жана санаалаштары келишти.
Союзбек Надырбеков Өскөн Даникеевди элибиздин улуттук жүрүм-турумдарын, үрп-адатын, каада-салтын, руханий байлыгын, адеп-ахлактык мурасын, адабият жааты аркылуу, жазмалык өнөрдүн чеберчилиги менен башка улуттарга, дүйнөгө таанытканын белгилеп, жакындарына көңүл айтты.
Андан кийин сөз алып сүйлөгөндөр кыргыз адабиятына жаңылыктарды алып келген Өскөн Даникеевди парасаттуулугун жана жогорку адамгерчиликтүүлүгүн белгилешип, чыгармачылыгынын үстүндө талыкпай изденген, өз ишинин кесипкөйү, кыргыз адабиятынын өрнөктүү адамы болгондугун айтышты.
Эл жазуучусунун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Белгилеп кетсек, Өскөн Даникеевдин калемине таандык “Кыздын сыры”, “Сыйкырдуу таш”, “Өмүр белестери”, “Кызыл аска”, “Көкөй кести”, “Мурас” сыяктуу чыгармалары кыргыз окурмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан. “Кыздын сыры” повести француз жана орус тилдерине которулуп, анын негизинде көркөм фильм да тартылган. Ал ошондой эле Достоевский, Лесков, Азиз Несин сыяктуу дүйнөлүк авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которуп, улуттук театр сахналарында коюлушуна өбөлгө түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-08-15
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.