Байдендин уулу Мелания Трамптан кечирим сурабай турганын билдирди
АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин уулу Хантер Байден АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптан кечирим суроодон баш тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин ал Мелания Трамп менен президент Дональд Трампты Жеффри Эпштейн тааныштырганын айткан.
Хантер Байден Channel 5 телеканалына маек берип, биринчи айымдан кечирим сурабай турганын билдирди. Ошондой эле ал Мелания Трамп тууралуу билдирүүсү Дональд Трамптын биографы Майкл Волф тараткан маалыматка негизделгенин кошумчалады.
Эске салсак, АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп мурдагы президент Жо Байдендин уулу Хантер Байденди 1 миллиард доллардан ашуун доо арыз менен коркуткан.
Август айынын башында Хантер Байден журналист Эндрю Каллаханга интервью берип, анда финансист Жеффри Эпштейнге байланыштуу жарыяланбаган документтер менен АКШ президенти Дональд Трампты "ачыкка чыгарууга" мүмкүн экенин белгилеген. Байдендин айтымында, Эпштейн Меланияны Трамп менен тааныштырган.
