Алиев: “Актаудагы учак кырсыгына тиешеси барлар күнөөсүн моюнуна алышы керек”
Азербайжан 2024-жылдын декабрында Казакстанда болгон AZAL учагынын кыйрашын атайын чабуул катары эсептебейт. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Алиевдин айтымында, Баку окуяга тиешеси барлар күнөөсүн расмий түрдө таануусун талап кылууда.
"Биздин жалгыз талабыбыз — болгон окуя боюнча тиешеси барлар күнөөсүн моюнуна алуусу, кылмышкерлердин жазалануусу жана толук көлөмдө компенсация төлөтүү", — деди ал.
AZAL авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бара жаткан учагы 2024-жылдын 25-декабрында Казакстандын Актау шаарынын жанында кыйраган. Борттогу 67 жүргүнчүнүн ичинен 38и каза болгон.
Алиевдин айтымында, учак Грозный шаарынын аймагында сырткы таасирден жабыркап, анын кесепетинен башкаруу жоголгон. Июль айында Алиев Азербайжан бул окуя боюнча Орусияга каршы эл аралык сот органдарына кайрылуу үчүн документтерди даярдап жатканын билдирген.
Росавиация маалымдагандай, учак Грозный шаарына тумандын айынан коно албай калган. Ошол учурда Чеченстанда дрон чабуулдарына каршы чаралар көрүлүп, абадан коргонуу системасы иштеп жаткан.
Кийин Владимир Путин Алиевге телефон чалып, учакка байланышкан трагедиялуу окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сураган.
