Айбек Жунушалиев №9 күл төгүүчү жердин картасын текшерди (фото)







Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №9 күл төгүүчү жердин картасын текшерип чыкты. Бул жерде "ЗЕНИТ" фирмасы күл казып алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы күл жана шлак сакталган карталардын иштөө тартиби менен таанышып, компанияга бир нече тапшырмаларды берди. Анын ичинде, ташылып жаткан күлдөн чаң чыкпашы үчүн жолдорго үзгүлтүксүз суу чачып туруу, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн жууган жабдууларды орнотуу милдеттендирилди.
Мындан тышкары мэр картага жакын жайгашкан уюмдар тарабынан күл түтүктөрүнүн жана күл төгүүчү жайлардын коопсуздук зоналарын сактоону текшерүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, күл төгүүчү жерлер от казан цехинин от казан агрегаттарында көмүрдү күйгүзгөндөн кийин пайда болгон күл жана шлактарды сактоого арналган.
Бишкек Жылуулук электр борборунан күл жана шлак чыгындылары алты линия күл-шлак түтүктөрү аркылуу ташылып, күл төгүүчү жайларга төгүлөт, андан кийин суу дренаждык система аркылуу тазаланып, ЧЧКга төгүлөт. Күл төгүүчү жердин жалпы аянты 180 гектарга жакын.
