NBC: Трамп "Нобелдин" тынчтык сыйлыгын алгысы келет
АКШнын президенти Дональд Трамп "Нобелдин" тынчтык сыйлыгын алгысы келет. Бул тууралуу NBC телеканалы Ак үйдүн өкүлүнө таянып жазды.
"Президент өзүн "Нобелдин" тынчтык сыйлыгына татыктуу деп эсептейт, бирок аны алуу кыйын деп ойлойт", — деди Ак үйдүн өкүлү.
Буга чейин Трамптын сыйлыкты талкуулоо үчүн Норвегиянын каржы министри, мурдагы НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге бир нече жолу телефон аркылуу байланышканы айтылган.
Ошондой эле Ак үй Трамптын "Нобель" сыйлыгына талапкерлигин колдогон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, Трампты Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Камбоджанын премьер-министри Хун Сен, Габондун президенти Брайс Олиги Нгема, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Пакистандын өкмөтү жана Руанданын тышкы иштер министри Оливье Ндухунгирехе колдойт.
