Трампты Аляскага коштоп бара турган делегациянын курамы айтылды
Анкоридж шаарында өтө турган Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусуна АКШ делегациясынын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, соода министри Говард Лютник, каржы министри Скотт Бессент жана Борбордук чалгын кызматынын директору Жон Рэтклифф, президенттин атайын элчиси Стив Уиткофф бар экени айтылды.
Ал эми Орусия делегациясын президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов, каржы министри Антон Силуанов жана президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев түзөт.
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу Москва убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Эске салсак, бүгүн, 15-августта АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин Аляскада сүйлөшүүлөрү пландалган. Ал жерде Украина менен Орусия ортосундагы тынчтык келишими талкууланары күтүлүүдө. Бул келишимде айрым аймактар боюнча алмашуу маселеси да каралышы мүмкүн экени айтылган.
