super.kg logo

Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Ирандын биринчи вице-президентин кабыл алды(фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн өлкөгө келген Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар эки жактуу күн тартибинин, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Иран менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кызматташуу жылдарында тараптар өз ара кызыкчылыкты көздөгөн эки жактуу мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүштү.

Президент белгилегендей, кыргыз-иран өнөктөштүгүнүн маанилүү багыттарынын бири – эки өлкөнүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу болуп саналат. Бул Иран порттору аркылуу океанга чыгууга көмөктөшөт.

Өз кезегинде Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын саламын айтты. Ал кыргыз-иран алакаларынын өнүгүү динамикасына оң баасын берип, аларды мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

Соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты салттуу жогорку деңгээлде сактап калуу үчүн биргелешкен чараларды көрүү тууралуу макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: