Бишкектеги базарларда чөнтөк уурулук кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды





Бишкек шаарынын базарларында көп жылдар бою чөнтөк уурулук кылып кылмыштуу иш-аракеттерин жүргүзүп келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, УКМК Ички иштер органдары менен бирдикте Бишкектин базарларында көп жылдар бою чөнтөк уурулук кылып келген кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата иш-чараларды өткөргөн.
Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы ири базарларды көзөмөлдөгөн, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган Э.Э.Э. аттуу кылмыштуу топтун башчысы тарабынан системалуу түрдө тоноо жана уурулук фактылары аныкталып, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары АМБ АБОдо каттоодо турган жана жаш муундар арасында кылмыштуу идеологияны активдүү колдоп, жайылтып жүргөндүгү такталды.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган кылмышка шектелип, кылмыштуу топтун башчысы Э.Э.Э. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.
видео

