Ысык-Көлдө Өзбекстандын эс алуу комплекси ачылды
Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Кажы-Сай айылында өзбекстандын Bo’ston Resort эс алуу жана ден соолукту чыңдоо комплекси ачылды. Бул тууралуу Ishonch гезити жазды.
Иш-чарага Өзбекстандын Кесиптик союздар федерациясынын төрагасы Кудратилла Рафиков жетектеген делегация жана кыргызстандык ардактуу коноктор катышты. Салтанатта курмандык чалынып, куран окулуп, эки элдин достугуна ак баталар берилди.
Кудратилла Рафиковдун айтымында, бул тарыхый окуя. "Дүйнөдө саясий жана экономикалык туруксуздук мезгилинде өзбек жана кыргыз элдеринин кылымдар бою түзүлгөн достугу жаңы мааниге ээ болуп, күн сайын бекемделүүдө. Бул достукту ар кандай ички жана тышкы терс таасирлерден сактоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз", — деди ал.
Маалыматка караганда, жай мезгилинде комплекс 400 конокту кабыл алууга ылайыкталган, кышында 200 конокко ылайыктуу. Ал заманбап эс алуу жана саламаттыкты чыңдоо талаптарына толук жооп берет. Мындан тышкары, санаторийдин жети кабаттуу корпусу реконструкцияланып, дайыма медициналык кызмат көрсөтөт. Иш-чара концерттик программа менен аяктады.
