super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардан 2606 студент окуудан чыгарылды

 

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларынан 2606 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан калаадагы жогорку окуу жайларды текшерүүнүн жүрүшүндө окуу жараяндарына катышпаган жана өлкө аймагынан сыртта жүргөн студенттерди жасалма негизде окутуу фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2606 студент окуудан чыгарылды, атап айтканда:

  • Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинен (ЖАМУ) – 1142 студент, анын ичинен 167 чет өлкөлүк жарандар;
  • К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинен (ЭАУ) – 895 студент;
  • Заманбап Эл аралык Университеттен (ЗЭУ) – 497 студент;
  • Борбордук Азия Эл аралык Медициналык Университетинен (БАЭМУ) – 58 студент;
  • Жалал-Абад Эл аралык Университетинен – 14 студент.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жана тиешелүү көзөмөлдү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматтарынан төмөнкүлөр бошотулду:
• К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинин (ЭАУ) окуу иштери боюнча проректору – С.О.;
• К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык Университетинин (ЭАУ) алдындагы Үзгүлтүксүз ачык билим берүү Институнун директору – Э.К.;
• Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин (ЖАМУ) алдындагы Үзгүлтүксүз билим берүү Институнун директору – С.А.;
• ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы – З.К..

"Ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү максатында жогоруда аталган окуу жайларынын жетекчилери жана профессордук-окутуучулук курамы менен жыйындар өткөрүлдү. Мындан тышкары, жогорку окуу жайлардын уставдарына жана сырттан окуу жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү, практикалык жана инспекциялык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле окуу бөлүмдөрүнүн практикалык отчетторду кабыл алганга чейинки текшерүүлөрдү жүргүзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү демилгеси көтөрүлдү", - деп кошумчаланган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: