super.kg logo

50 метрлик астероид 17-августта Жерге жакын учуп өтөт

 

Эртең, 17-августта Жерге жакын аймактан 2025 PM аттуу, диаметри 50 метр болгон астероид өтөт.

Чет элдик ЖМКлар билдиргендей, бул тууралуу NASAнын Реактивдүү кыймыл лабораториясы да эскертүү жасады. 2025 PM көлөмү боюнча учак менен салыштырууга болот, ал Жерге эң жакын 654 миң миль аралыкта (1 миллион чакырымдан ашык) жакындайт.

NASA ошондой эле 2025 PR1 аттуу дагы бир астероидди көзөмөлдөп жатат. Анын диаметри болжол менен 55 фут (16,7 метр), ал Жерге ишемби күнү 609 миң миль (980 миң км) аралыкка чейин жакындайт.

"2025 PM кооптуу астероиддердин катарына кирет, анткени ал Жерге өтө жакын аралыктан өтөт. Ушул жылдын сентябрь айынын аягында мындай аралыктан андан да чоңураак космостук түзүлүш өтөт деп күтүлүүдө. 2025 PM Апполондор тобуна кирет — бул Жер орбитасын тышкы жагынан кесип өткөн околоземдик астероиддер. Ал 1-августта табылган. Астроиддин мүнөздөмөлөрү азырынча толук изилдене элек, адистердин айтымында, ал, балким, эч кандай учуучу заттары жок, таштуу масса болушу мүмкүн. Анын багыты башка космостук түзүлүш менен кагылыша турган болсо гана өзгөрүшү мүмкүн", - деп белгиленген маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: