Трамп Аляскадагы саммиттен кийин Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуудан кийин Украина президенти Владимир Зеленский менен узак телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта CNN Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Ливиттке шилтеме берүү менен кабарлады.
"АКШ президенти Дональд Трамп Аляскадан учуп келе жатып Украина лидери Владимир Зеленский менен узак сүйлөшүү жүргүздү", - деп айтылат кабарда.
Ошондой эле Трамп учурда НАТО боюнча өнөктөштөрү менен да телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
Мындан тышкары Axios басылмасынын журналисти Барак Равид социалдык тармактагы билдирүүсүндө Трамп Зеленский жана бир катар европалык лидерлер менен 1,5 сааттан ашык сүйлөшүп, Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенин жазган.
Буга чейин орусиялык лидердин жардамчысы Юрий Ушаков азырынча Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу боюнча маселе көтөрүлө элек экенин билдирген.
Белгилей кетсек, АКШнын 49-штатында Путин менен америкалык лидер Дональд Трамптын сүйлөшүүсү өттү. Ал 2 саат 45 мүнөткө созулду. Андан кийин журналисттерге эки лидер чыгып маалымат берди.



