"Эмне болуп жатат?" Абактагы активист Куреновдун аялы бүдөмүк жагдайын жазып чыкты
Бүгүн, 16-августта абактагы активист Тилекмат Кудайберген уулунун жубайы Фейсбук баракчасына сүрөт киргизип, бүдөмүк ою менен бөлүштү.
Анын айтымында, абактан анын жолдошунун буюмдарын кайтарып беришти.
"Бир жума мурун Тилекмат ушул катты жазып берген. Бугун СИЗО УКМКнын башчысы өз колу менен бизге кийим, бут кийим, жеке буюмдарынын баарын кайтарып берди. Эмне болуп жатат?" - деди ал.
Белгиленгендей, активист катта өз жанына кол салбастыгын жана абакта ички тартипти бузбастыгын белгилеген.
Эске салсак, Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, 19-апрелде өлкөгө алынып келинген. Анын баш коргоо чарасы 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, камакка алынган. Ал эми 15-июлда Бишкектин Ленин райондук соту 19-сентябрга чейин аны камакта калтыруу чечимин чыгарган.


