Камчаткада бир сутка ичинде 50 жер титирөө катталды
Бүгүн, 16-августта Камчаткада акыркы сутка ичинде магнитудасы 3,5тен 6,5ке чейинки 50 кайталануучу жер титирөө катталды.
"Бир сутка ичинде 50 афтершок болду. Эл жашаган аймактарда бир жолу жер титирөөнүн күчү 3–5 баллга чейин сезилди", — деп билдирди Орусиянын ӨКМи.
Петропавловск-Камчатский жана Вилючинск округдарында жарандар үчүн убактылуу жайгаштыруу пункттары иштеп жатат. Азыркы тапта ал жерде 17 киши жайгаштырылган.
Ошондой эле Ключевской жанар тоосунда үч ирет күл атылды. Анын активдүүлүгүнөн улам Мильково – Усть-Камчатск жолунун 153–187-чакырым аралыгын суу жууп кетүү коркунучу бар экендиги эскертилүүдө.
Мындан тышкары Ключевской жанар тоосунун күчтүү атылышы күтүлүп жатат. Күлдүн бийиктиги 12 миң метрге чейин жетиши мүмкүн. Туристтерге Авачинский жана Ключевской вулкандарына барбай туруу сунушталууда.



