Сокулукта өзүн милиция кызматкери деп коомчулукту адаштырган жаран кармалды (видео)
Кечээ, 16-августта Чүй облусунун Сокулук райондук милициясына социалдык тармактын колдонуучусу арыз менен кайрылган. Анда видеодогу жаран мас абалында, эч себепсиз арыз ээсинин денесине залал келтиргендигин, ошондой эле оозго алгыс сөздөрдү колдонуп, өзүн Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкери катары тааныштыргандыгын билдирген.Милиция кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган Т.А. аттуу видеодогу жарандын өздүгү аныкталып, юридикалык баа берүү үчүн Сокулук райондук Тергөө кызматына жеткирилди.
"Видеодо көрсөтүлгөн жаран ички иштер органдарына тиешеси жок. Текшерүүдө аныкталгандай, чыр-чатакка катышкандардын арасында Ички иштер министрлигинин өкүлү болгон эмес. Ички иштер министрлиги жарандарды коомчулукту адаштырууга жана укук коргоо органдарына болгон ишенимди жоготууга алып келген жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат", - деп белгиленет маалыматта.
17.08.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















