Эки-Нарындагы бир айдоочунун өмүрүн алган көпүрө 21 күндө калыбына келтирилет (видео)



Бүгүн, 16-августа Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана облус башчысы Нурбек Сатаров Эки-Нарын айылынын тургундарына жолугуп, көйгөйлүү маселелерин укту.
Министр Абсаттар Сыргабаев учурдагы айыл элинин эң негизги көйгөйү болгон көпүрөнү 21 күндө толук салып бүтүп, пайдаланууга берерин убада кылды.
Нарын–Орук-Там унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан көпүрөнүн курулушу башталды. Жерине техникалар тартылып, бетон куюу иштери жүрүүдө.
Ошондой эле Эки-Нарын айылына жетүү үчүн альтернативдик жол даярдоо иштери да уланууда. Министрликке караштуу №8 жол тейлөө ишканасы тарабынан тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.
Эки-Нарын жана Орук-Там айылдарынын тургундары үчүн каттам Кара-Кужур–Сары-Булак–Арчалы–Орук-Там жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Эске салсак, 13-августта Эки-Нарын айлынын Нарын шаары жана башка аймактар менен байланыштырып турган көпүрө кулаган. SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө аталган айылдын тургундары Нарын дарыясынан алып өтчү көпүрө кулаганын билдиришкен.
Жергиликтүү тургундар көпүрөгө көп жыл болгонун, эскилиги жетип авариялык абалда турганын айтышып, көпүрө мектептин курулушуна арматура жеткизүүгө бара жаткан жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда кулаганын белгилешкен. Алар убагында тургундардын кайрылуусуна карабай жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлбөй келгенин айтышкан.
15-августта Ички иштер министрлиги сууга кулаган жүк ташуучу унаанын айдоочусунун сөөгү Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан табылганын маалымдады.
Эки-Нарын көпүрөсү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-08-17

10:24
2025-08-17

17:49
2025-08-16

11:13
2025-08-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.