super.kg logo

Алайда бычакталган жигит боюнча милиция үн катты

 

Бүгүн, 17-августта Ош облусунун Алай районун Будалык айылында жайгашкан эс алуу жайындагы жигиттин бычакталышы боюнча облустук милиция үн катты.

Маалым болгондой, учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган М.Б жана 2007-жылы туулган М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Айта кетсек, окуя 14-августта катталды. Каза болгон жигиттин жакындарынын айтымында, каргашалуу окуяда үч жаран бычактан улам жарат алып, алардын бири жеринде каза болду.

Милиция шектүүлөр эс алуу жайдын кызматкерлери экендигин тастыктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: