Бишкекте 2 күн катары менен казак тасмалары көрсөтүлөт
Маданият министрлиги Бишкек шаарында 20-22-август күндөрү Казакстандын Кыргызстандагы кино күндөрү өтөрүн кабарлады.
Иш-чаранын алкагында казакстандык белгилүү режиссёрлордун көркөм тасмалары көрсөтүлүп, ар бир киносеанстан кийин авторлор менен жандуу талкуу уюштурулат.
Программа:
- 20-август, 18:00 – “Казак хандыгы. Алтын тақ” (реж. Рустем Абдрашов)
- 21-август, 14:00 – “Операция Набат” (реж. Рашид Сулейменов)
- 22-август, 11:00 – “Жамбыл. Жаңа дәуір” (реж. Жандос Кусаинов)
Белгилей кетсек, тасмалар "Ала-Тоо" кинотеатрында акысыз көрсөтүлөт.
Бул иш-чара Кинематография департаменти, Казакстандын Айманов атындагы “Казакфильм” мекемеси, ошондой эле Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:26
2025-08-18

16:25
2025-08-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.