"Болбой калган деп көрсөтпөйбү?" Оштун мэри жетекчилерди жемеледи (видео)
Бүгүн, 18-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билим берүү тармагындагы мекемелерге барды. Анын алкагында бала бакчаларга жоопкерчилик алган Билим берүү башкармалыгынын кызматкерин издеттирди.
Башкармалыктын жетекчиси ал Агартуу министрлиги тарабынан даярдалган конференцияга көргөзмө уюштурууга кеткендигин билдирди.
Мэр шаарда билим берүү жааты өтө алсыз болуп жатканыдыгын белгилеп, тандап барып жабдыктардын жакшысын көрсөтпөй кемчиликтерди айтуу керектигин билдирип, жетекчилерди жемеледи.
"Ар жерден тандап-тандап алып барды да, ээ? Эң жакшысы жаман жактарын көрсөтпөйт беле. Бала бакча болбой калган, кир, сынган, сасып жатат деп көрсөтпөйбү. Барып алып эң татынакайларын көрсөтпөй. Мурдагы адаттарды ташташ керек. Жеке менчик бала бакча, мектептерден үстөл, отургучтарды алып барып биздики дедиңер. Бул калп да",- деди мэр өз сөзүндө.
Оштун мэри бала бакча боюнча

