super.kg logo
  Саясат  

Эрулан Кокулов: "Ал кезде жашоом мындан да оор болот деп ойлогон эмесмин"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов "Не сахар" долбоорунда иштеп жүргөндө жашоосу андан да оор болуп кетерин такыр ойлобогонун, бирок депутат болгону андан да оорлошуп кеткенин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү SUPER.KG порталына берген маегинде билдирди.

Ал элдеги көйгөйлөрдүн жана жасай турган иштердин көптүгүнөн жашоосу кыйындап кеткенин айтат.

"Не сахар" долбоорунун алпаруучусу болгон сонун кез экен да, жеңил. Негизи жашоомдун эң оор мезгили "Не сахар" долбоорунда өткөн. Андан оор болот экен деп ойлогон эмесмин, бирок азыр ага караганда бир топ эле оорураак.

Себеби элдин көйгөйү көп экен. Аны оңдоп-түздөп кетүү оор. Бирок болот, оңолуп жатат. Мен дагы салымымды кошуп жатам. Бүт эле мен кылып, кыйратып жатам деп айтпайм. Бирок бир топ нерселерди өзгөртүүгө алып келдим. Өзүмдүн жумушума ыраазы элемин",- деди Кокулов.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.






Видео

Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: